Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Иран жандооч боюнча планы үзгүлтүккө учураганын билдирди


Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

Ирандын ушул айдын башында космоско жандооч жеткирүү аракети ишке ашпай калды жана соңку эки ай ичинде мындай окуя эки ирет кайталанды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф "NBC News" каналына курган маегинде билдирди.

Жандооч боюнча аракет үзгүлтүккө учурашына эмне себеп болгонун ал так айткан жок, бирок АКШ тараптан атайылап кийлигишүү ыктымал экенин Ирандын бийлиги иликтеп көрүшү керек экенин билдирди.

13-февралда "The New York Times" басылмасы АКШ администрациясынын азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин айткандарына таянып Ак үй Ирандын ракеталык программасына карата жашыруун диверсиясын күчөткөнүн жазып чыккан болчу.

“Ошондой болушу толук мүмкүн. Бирок азырынча так айта албайбыз”, - деди Зариф.

Кошмо Штаттар Ирандын космоско ракета учурушун айыптап, бул аракетти "эл аралык нормаларды одоно бузуу" деп атаган. Иран бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG