Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Трамптын штаб башчысы өмүрүнүн аягына чейин абакта калышы ыктымал


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт салык жашырып, банктык мыйзам бузууларга барган деп айыпталып, 19-24 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Атайын прокурор Роберт Мюллердин ушундай сунушун Виржиния штатынын федералдык соту карай баштады.

Эгер бул сунуш колдоо тапса 69 жаштагы Манафорт абакта өмүрүнүн акырына чейин кармалышы ыктымал.

“Манафорттун он жыл бою жасаган кылмыштары федералдык өкмөттү жана каржылык мекемелерди миллиондогон доллар акчадан куру жалак калтырган” деп эсептейт прокуратура.

Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда Дональд Трамптын штабына кошулуп, ошол жылдын июнь айында штабды жетектеп калган. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен.

Манафорт өзү бардык айыптарды четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айткан.

Буга чейин "Проект" басылмасы Манафорт 2005-жылдан соң Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевге АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча кеңеш бергенин жазып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG