Германиянын Мюнхен шаарында бүгүн коопсуздук боюнча эл аралык конференция уланып жатат.
Талкууга Орусиядан башкы дипломат Сергей Лавров, АКШдан вице-президент Майкл Пенс катышууда.
Башкы темалар – Европа аймагындагы жалпы коопсуздук, орто жана жакынкы аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимдин аткарылышы, Орусия менен Батыштын ортосундагы соңку мамиле жана Сириядагы абал.
Конференциянын ачылышында сүйлөп жатып НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия эл аралык келишимди аткарышы керек деп эскертти.
- Биз Орусияны ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып орто аралыктагы ракеталарын жок кылууга чакырабыз. Убакыт кетип жатат. НАТО бул милдеттенмесин аткара баштады. Биз Европада жаңы өзөктүк курал орнотуу ниетибиз жок, - деди Столтенберг.
Орусия мындай эскертүүлөргө негиз жок экенин билдирүүдө.
Мюнхен конференциясына 30га жакын өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары, тышкы иштер жана коопсуздук министрлери катышууда. НАТО демилгелеген мындай талкуу 1963-жылдан бери өтүп келет. (RK)