Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктардын 60тан ашууну кайра мекенине кайтып келген, алардын 40ка жакыны учурда күчөтүлгөн тартиптеги колонияларда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, алар жайылтууга аракет кылган экстремисттик идеяларына жараша абакта өз-өзүнчө кармалат.
2015-жылы Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, чет мамлекетте согуштук аракеттерге катышкан жарандардын жазасы катаалдаган.
УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 800гө чамалаган, алардын арасында аялдар жана балдар да бар экени белгилүү. (RK)