Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди аткаруу аракетин уланта берет. Бул тууралуу уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Мюнхенде коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып билдирди:
- Өзөктүк келишимге карата басым былтыр абдан катуу болду. Менимче, эгер Европа Биримдигинин үч мүчөсү - Франция, Улуу Британия жана Германия болбосо АКШ чыгып кеткенден кийин аталган документ күчүн жоготуп коймок. Евробиримдик Иран менен келишимдин толук ишке ашуусу үчүн аракетин уланта берет.
2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимдин тагдыры азыр белгисиз болуп турат. Андан Вашингтон былтыр май айында чыгып кетип, 2015-жылы токтотулган санкцияларын кайра калыбына келтирген.
АКШ президенти Дональд Трамп буга Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин "маңызын" бузуп жатканын жүйө келтирген.
Германиянын Мюнхен шаарында бүгүн коопсуздук боюнча эл аралык конференция уланып жатат. Талкууга Орусиядан башкы дипломат Сергей Лавров, АКШдан вице-президент Майкл Пенс катышууда. Башкы темалар – Европа аймагындагы жалпы коопсуздук, орто жана жакынкы аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимдин аткарылышы, Орусия менен Батыштын ортосундагы соңку мамиле жана Сириядагы абал. (RK)