Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Хизер Науэрт АКШнын БУУдагы өкүлү болуудан баш тартты


Хизер Науэрт.
Хизер Науэрт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт бул өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн кызматына талапкер болуудан баш тартты. Мамдепартамент бул маселе күн тартибинен алынып салынганын расмий билдирди.

“Соңку эки ай менин үй-бүлөм үчүн өтө оор болду. Ошондуктан үй-бүлөмдүн кызыкчылыгы үчүн кетип жатам” деп айтты Науэрт.

Анын талапкерлиги каралып жатканы белгилүү болгондо айрым талдоочулар чет жакта дипломат болуп эч качан иштебегенин, жогорку кызматты аркалоо тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышкан.

Науэрт мурда ABC жана Fox News телекомпанияларында кабарчы, алып баруучу болуп иштеген. Мамлекеттик департаментке басма сөз катчысы болуп 2017-жылдын апрель айында дайындалган. Былтыртан бери коомдук иштер министринин орун басарынын милдетин да аткарып жаткан.

АКШнын БУУдагы азыркы өкүлү Никки Хейли бул кызматтан кетерин жыл соңунда жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG