Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Москвада калайман мушташтан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, окуя жекшембиге караган түнү шаардын түштүк-чыгышында болгон.

Чыр Волгоград проспектиндеги автомашина жуучу комплексте иштегендердин ортосунда жөнөкөй пикир келишпестиктен улам тутанган. Бир адам ошол жерден жан берип, экинчиси ооруканадан көз жумду.

ТАСС агенттиги дагы бир адам жабыркаганын жазды. Ошондой эле мушташка 10 адам катышканын, көбү өзбекстандык жарандар экенин билдирди.

Baza телеканалы 15 адам колуна союл, бычак жана темирдин кесиндилерин алып мушташканын кабарлады.

Кылмыш иши козголду, кимдир бирөө кармалганы тууралуу маалымат жок.

Орусияда 600 миңдей кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүргөнү белгилүү.

Бул окуяга катышкандар арасында кыргызстандыктар барбы же жокпу, азырынча кабарлана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG