Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Косово эгемендигинин 11 жылдыгын парад менен белгиледи


Приштинадагы аскердик парад. 17-февраль, 2019-жыл.
Приштинадагы аскердик парад. 17-февраль, 2019-жыл.

17-февралда Косово Сербиядан бөлүнүп, күнкорсуздугун жарыялаганына 11 жыл толду. Косоволуктар бул күндү аскерий парад менен белгилешти.

14-декабрда өлкө парламенти Косовонун жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн толук кандуу армияга айлантуу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган. Ага ылайык, 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрү акыркы үлгүдөгү курал менен жабдылган, беш миң аскерден турган армияга айланат.

Приштинанын бул кадамы Косоводогу этникалык сербдердин, Белграддын кыжырын келтирген. Аянтка чогулган миңдеген адамдардын алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Хашим Тачи бул күчтөрдү "Европадагы эң жаш мамлекетти коргой турган кесипкөй, көп улуттуу армия" катары сыпаттаган.

Кошмо Штаттар Приштинанын бул кадамын колдосо, НАТО буга азырынча эрте экенин белгилеп, бир аз күтө турууга чакырган.

Косовонун тагдыры Балкан мамлекеттеринен айырмаланбайт. Ал 1990-жылдардын соңунда албан козголоңчуларынын куралдуу көтөрүлүшү менен башталган. Аларга жооп катары Югославиянын армиясы жазалоочу жүрүштөрдү жасаган. НАТОнун аба соккуларынан кийин кагылышуулар токтоп, Косово Улуттар Уюмунун коргоосуна алынган. Кийин Югославия ыдырап, ал эми Косово 2008-жылдын 17-февралында Сербиядан бөлүнүп чыккан.

Дүйнөнүн 115 мамлекети тааныган Балкандагы бул өлкөнүн төбөлсүздүгүн серб бийлиги четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG