Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

ЖЭБдеги коррупцияга айыпталган сегиз кишинин соту башталат


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

18-февралда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өтөт. Бул тууралуу анда айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Отурум Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда саат 14:00дө башталат. Ишти судья Инара Гилязетдинова карай тургандыгы кабарланып жатат.

Аталган ишти бир жумалык изилдөөдөн кийин Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда Исаковдон башка жети кишиге да айып тагылган.

Алардын ичинде мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова бар.

Лавровага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана калгандарына коррупция фактысы менен айып тагылган. Ольга Лавровадан башкасы камакта отурат. Кармалгандар айыптарын төгүндөп келе жатат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG