Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстандыктар бир жылда өлкөдөн 542 млн. доллар чыгарып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акча которуу системалары аркылуу 2018-жылы 542,2 миллион доллар Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 90,3 миллион долларга көп.

Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси кабарлагандай, 2018-жылы ошондой эле чет жактагы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион доллар которушту.

Буга чейин “Азаттык” чет жакка акча которуунун кескин көбөйүшүнүн себептерин иликтеген. Улуттук банк жеке тараптардын башка өлкөлөргө көбүрөөк акча жөнөткөнүн тиричилик муктаждыктары менен байланыштырган. Эксперттер муну ички активдердин жана капиталдын сыртка агылышы катары түшүндүрүшкөн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG