Финансылык чалгын кызматы терроризмди каржылоонун жана арам акчаны адалдоонун коркунучтарына баа берүү боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, арам акчаны адалдоонун коркунучтарын иликтеген "евразиялык топ" Кыргызстанга бул чөйрөдө иштөөгө кызыккан бардык тараптар менен терең жана тыгыз иш алып барууну, терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы улуттук стратегия иштеп чыгууну сунуш кылган.
Маалыматта айтылгандай, Финансылык чалгын кызматы быйыл жыл ортосуна чейин Евробиримдик өкүлдөрү менен кошо улуттук стратегия иштеп чыгуу боюнча келишимге жетишти. Аны ишке ашырууга Евробиримдик колдоо көрсөтөт.
Арам акчаны адалдоонун коркунучу ишкер чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда бааланат. Анын жыйынтыгына карап, бул коооптуу жагдайлардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат.
Кыргызстан Терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы күрөш боюнча евразиялык топтун мүчөсү. (ZKo)