Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган кыргызстандык жаранды кармашты. Ал чек ара бекетинен тышкары Чу дарыясы аркылуу өлкөгө кирүүгө аракеттенген. Анын тек-жайын далилдеген документтери болгон эмес.
Кармалган жаран андан аркы иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. (ZKo)