Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:37

2018-жылы төрт бала бакча мамлекетке кайтарылган


Бала бакчада. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакчада. Иллюстрациялык сүрөт.

Прокуратуранын текшерүүлөрүнөн кийин мындан тышкары медициналык коллеждин жана бир мектептин имараты, аларга тиешелүү жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Ошондой эле Таласта мыйзамсыз менчиктелген курулушу аягына чыкпай калган көп кабаттуу үй Талас шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылып берилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, өткөн жылы прокуратуранын текшерүүлөрүнөн кийин мамлекетке 313 млн. 784 миң сом акчалай түрүндө кайтарылган. Кайтарылган объектилердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик сатуу жана жер бөлүштүрүү мыйзамдарын бузуунун натыйжасында менчикке чыгарылып кеткени аныкталган.

Прокуратура тарабынан акыркы беш жылда мамлекеттик менчикке жүзгө жакын бала бакча кайтарылып берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG