Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Жогорку сот Каныбек Осмоналиевди актады


Каныбек Осмоналиев сотто. 15-октябрь, 2018-жыл.
Каныбек Осмоналиев сотто. 15-октябрь, 2018-жыл.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Каныбек Осмоналиев өзү ырастады:

- 18-февралда карады, буга чейинки инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырып, толугу менен актады. Мага козголгон иштин курамында кылмыш иши жок деп тапты.

Бул ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук соту да былтыр октябрда Каныбек Осмоналиевди актаган чечим чыгарган. Айыптоочу тарап соттун чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияларга кайрылган. 6-декабрда Бишкек шаардык соту да Осмоналиевдин пайдасына чечим чыгарган.

Каныбек Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер окуу жайынын жетекчилигине Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG