Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Чукул билдирүү: Суук түшүп, кар көчкү коркунучу сакталат


Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

20-22-февраль күндөрү аба ырайы туруксуз болот: 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын мол жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 21-22 февралда кар жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондорго күрткү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

21-22-февралдарда абанын температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө -5…-10°, тоолуу аймактарда -30…-35° градуска чейин суук болот.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотуп, кыштоолордо мал багууну кыйындатат.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная Горка - Ак-Таш, Ош - Сары-Таш - Эркечтам, Сары-Таш – Кара-Мык, Казарман - Актал-Чат, Каракол - Эңилчек автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордогу айдоочуларды ортодогу 500 метрлик чектөөнү сактоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG