Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Эки колунан ажыраган электрикке жардам үчүн эсеп ачылды


Замирбек Кыдыров. 6-февраль, 2019-жыл.
Замирбек Кыдыров. 6-февраль, 2019-жыл.

“Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын эки колунан ажыраган кызматкерине жардам чогултуу үчүн банктан эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

“Ошол жигиттин аялынын атына эсеп ачылды. Колуңардан келген жардамды аябагыла. Эки колунун протезине акча чогулуп калсын” деп жазды укук коргоочу.

Банктык эсеп.
Банктык эсеп.

​“Ош жылуулук камсыздоонун” электриги Замирбек Кыдыров 2018-жылдын 15-октябрында кышка даярдык учурунда жогорку чыңалуудагы токко урунуп, эки колунан төртүнчү даражадагы күйүк алган.

Ал төрт айдан бери кенемте ала албай жатканы белгилүү болгон. Ал эми тиешелүү мекемелер кырсык иликтенип бүтө элек болгондуктан кенемте маселеси бир жаңсыл болбой жатканын жүйө келтиришкен.

Кыдыровдун туугандары ушул күнгө чейин анын дары-дармегине эле 200 миң сом каражат кеткенин айтышкан.

Буга чейин «Ош электронун» кесиптик жамааты жардам иретинде Кыдыровго 150 миң сом, Ош жылуулук камсыздоо ишканасынын кызматкерлери 180 миң сом чогултуп беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG