Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Амстердам аэропортунда кармалган орусиялыктар бошотулду


"Новая газета" гезитинин кабарчысы Елена Милашина.

Амстердам аэропортунда кармалган Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Елена Милашина менен укук коргоочу Милана Бахаева бошотулду. "Мемориал" борборунун жетекчиси Александр Черкасов орусиялык эки жаран аэропортто "түшүнбөстүктөн" улам кармалганын билдирди.

18-февралда “Новая газетанын” Москвадагы кабарчысы Елена Милашина менен “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлү Милана Бахаева Сириядагы кризисти талкуулаш үчүн укук коргоочулар менен жолугушууга барганда Амстердам шаарынын аэропортунда кармалышкан.

Мурдарак “Новая газета” аэропорттун кызматкерлери эки аял эмне үчүн кармалганын түшүндүрбөгөнүн жана Милашинанын телефонун алып коюшканын жазган.

2000-жылдардан бери Орусиядагы эркин басылмалардын алдыңкы сабындагы гезиттин беш журналисти киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG