Орусия аннексиялап алган Крымда 10-класстын окуучулары үчүн чыккан жарым аралдын тарыхы тууралуу китепти мектептерде жана китепканаларда колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттигине Мамлекеттик Думанын Крымдан шайланган депутаты Руслан Бальбек билдирди.
Буга чейин Крымдын бийлигине Крым татарларынын кеңеши кайрылган. Билдирүүнүн авторлорунун пикиринде, окуу китебинде Крым татарларынын өз жеринен айдалышы “тарыхый жактан акталган факт” катары берилген. Алар болсо бул тарыхый окуяны "жек көрүүнү козутуу, адамдын ар-намысын тепсөө" катары баалашат.
Мамдуманын депутаты Руслан Бальбектин буга чейинки айтканына караганда, китепте «крым татарларынын баскынчыларга жапырт жан тартканы сыяктуу күмөндүү баяндар» камтылган. Эл өкүлү китепти кайра жазууну же андан Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө бапты алып салууну жана авторлордун кечирим суроосун талап кылган.
1944-жылы 18-майда крым татарларын салган поезд Орто Азияга жөнөгөн. Үч күн ичинде жарым аралдан 180 миң киши депортацияланган. Алардын 30 миңден ашууну биринчи жылы эле ачарчылыктан, сууктан көз жумган. Кийинчерээк СССР, андан соң Орусия менен Украина крым татарларын күчтөп көчүрүү мыйзамсыз болгонун тааныган.
2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин орус бийлиги 18-майда крым татарларына массалык иш-чара өткөрүүгө тыюу салган.