Аталган коомдук уюм Кыргызстандын бийлик бутактарында коррупциялык иштерди иликтейт. Бул тууралуу 18-февралда кыймылды негиздөөчүлөрдүн бири Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, учурда Жогорку Кеңештеги депутаттардын кылмышка байланышы бардыгы тууралуу маалыматтар иликтенүүдө. Тургуналиев парламенттеги ар кандай кылмыш иштерине тиешеси бар депутаттар тууралуу расмий маалыматтар алынган соң, ЖК спикерине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана Башкы прокуратурага кайрылышарын билдирди. Уюмду негиздөөчүлөрдүн бири, журналист Нарын Айыптын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, "Коррупциясыз кыргыз коому" уюму коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү көздөйт:
- Бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу маалыматтар жарыяланып, бирок ага карата кандай чара көрүлүп жатканы кабар жок болуп калат. Ачык чыгарып, жарыялап, маалымат жыйындарын өткөрүү менен коррупциялык иштерге каршы күрөштүн натыйжасын талап кылабыз.
"Коррупциясыз кыргыз коому" уюму быйыл январь айында Юстиция министрлигинде катталган. (ZKo)