Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Кремль камактагы америкалык ишкердин ишине тыкыр көз салат


Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто, 15-февраль, 2019-жыл.
Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто, 15-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль бараандуу америкалык инвестициялык фонддун негиздөөчүсү Майкл Калвинин жагдайына тыкыр көз салып турарын билдирди.

Песков 18-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Калвинин камалышы менен АКШ-Орусия алкасынын начарлап кетишинин эч кандай байланышы жоктугун айтты.

“Орусиянын башка мамлекеттер менен алакасы чет элдик инвесторлордун бул жердеги ишмердигине эч кандай таасир этпейт” – деди Песков. Ал Орусия ар дайым “чет элдик инвестицияга жагымдуу шарттарды” түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Песков президент Путин Майкл Калви кармалганын билерин, аны менен буга чейин бизнес форумдарда жана башка жолугушууларда бир нече ирет кездешкенин айтты. Бирок америкалык ишкердин кармалышына Путиндин тиешеси жоктугун белгиледи.

16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

15-февралда Москвада Baring Vostok инвестициялык корунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Дельпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле “Восточный” банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар “Восточный” банкынан 2,5 млрд рубль уурдап чыгып кетүүгө шектелип жатышат.

Калви өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке кагып жатат.

XS
SM
MD
LG