Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Тынчсызданган тоо-кен казуучулар президентке кайрылышты


Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы.
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы.

Ишкерлердин эл аралык кеңеши, тоо-кен казуучу ишканалар жана Тоо-кен казуу өнөр жай ассоциациясы тынчсыздануу билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар Коопсуздук кеңешинин 30-январда кабыл алынган чечиминде инвесторлорго жагымдуу болгон факторлор бар экенин, бирок бардык салыктарды көтөрүү, лицензияларды кайра жакшылап текшерип чыгуу тууралуу сунуштар тынчсыздануу жаратарын айтышты.

Ишкерлердин эл аралык кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков басма сөз жыйынында сүйлөп жатып 26 беттен турган кеңири талдоо жазып чыкканын айтты:

- Биз Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жакшылап изилдеп чыгып, өзүбүздүн талдообузду жаздык. Азыр президентке кайрылып жатабыз жана аны менен жолугуп, талкуулоого ниетибизди билдиребиз. Салыкчылар тоо-кен тармагында текшерүү жүргүзүп жатышат. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы фирмалардын чарбалык ишине кийлигишүүнү шарттаган чечимдер да бар экен. 41 эмес, 39 лицензияны алган инвестор Александр Беккер деген киши. Ал бир нече компанияны бириктирген канадалык компаниянын өкүлү. Ал кендерди чалгындап, чет өлкөдөн инвестиция тартып келүүгө аракет кылган жана мындай адамдарга шарт түзүшүбүз керек.

Кайрылууда тармактын башкы көйгөйлөрү катары мыйзамдарды бирдиктүү аткаруу, жетиштүү өнүкпөгөн инфраструктура, кен пайдалануучу компаниялардын ишин негизсиз текшерүү, кошумча чегерүү түрүндө укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кийлигишип жатканы баяндалган.

Бишкекте 30-январда Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйыны болуп өткөн. Башкы прокуратура былтыр Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузууну аныктаган. Анын негизинде 17 прокурордук чара актысы келтирилип, 24 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган. (KR/TSh)

XS
SM
MD
LG