Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:03

УКМК: Бишкекте ишкерден 10 миң доллар талап кылган чет өлкөлүк кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “опузалап акча талап кылган” деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматында окуя 15-февралда болгону, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 3 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан учурда колго түшүрүлгөнү айтылат.

“Такталгандай, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып опузалап, ишкерден 10 миң доллар талап кылган” деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кылмышка шектүү адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG