Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Кыргызстанда эмдөө көрсөткүчү нормага жетти


Эмдөөгө катышкан кыз-келиндер. Ош.
Эмдөөгө катышкан кыз-келиндер. Ош.

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөнүн көрсөткүчү кыйла оңолуп, нормага келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди:

- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында 95 пайызга, Чүй облусунда 97, башка аймактарда 95,4 же 95,6 деген көрсөткүчтөргө жеткирип алдык. Бул жакшы жетишкендик. Бир жаштан алты жашка чейинки балдарыбызды камтып алдык.

Адистин айтымында, эмдөөнүн камтымы 95 пайыздан өйдө болушу керек. Бирок 2016-2017-жылдары Бишкекте, мисалы, 91ге чейин түшүп кеткен.

Ишенапысова эмдөөдөн баш тартуунун себептери изилденип, ата-энелер балдарына вакцина сайдыруудан анын курамы, таасири тууралуу дарыгерлер жетиштүү маалымат бере албаганына, жеке диний көз карашына жана миграцияга байланыштуу баш тартканы аныкталды.

2018-жылдын май айында Саламаттык сактоо министрлиги атайын план иштеп чыгып, түшүндүрүү иштери күчөтүлгөндөн кийин баласын эмдетүүнү суранып кайрылгандар көбөйө баштаган. “Бирок баш тартып жаткандар дагы эле бар” дейт Ишенапысова.

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызамыкка чалдыккандардын саны 600гө чамалады. Былтыр бир жыл ичинде 1005 учур катталган. Кызамык 2017-жылы декабрь айында Орусияда эмгек мигранты болуп жүрүп кайтып келген үй-бүлөнүн балдарынын жукканы расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG