Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

КТРКнын директорлугуна беш талапкер кепилдик катты бүгүн тапшырды


Жыпар Жекшеев, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы.
Жыпар Жекшеев, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы.

КТРКнын директорлугуна өз талапкерлигин койгон 22 адамдын онунда кепилдик каты болбой калгандыгы кечээ, 18-февралда белгилүү болгон. Алардын бешөө кепилдик каттарын бүгүн тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Кепилдик катты талапкердин өзү эркин формада жазып, өзү колун коюш керек.

КТРКнын Байкоочу кеңеши кечээ башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан.

Алардын үчөө (Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова) документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган.

10 талапкер "диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин" деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилген. (KR)

XS
SM
MD
LG