Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Бийликти сындаган активист суракка чакыртылды


УКМК.
УКМК.

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” кабарлап, сурак бүгүнкүгө, 19-февралга белгиленгенин билдирди.

Мырзаевдин айтымында, ал 12-январда Бишкектеги “Достук” мейманканасында "Жети дубан, кырк уруу кыргыз ынтымагы" кыймылы уюштурган жыйынга катышкан.

- Ошол жыйында мен “Бүгүн кыргыз элинин душманы Кытай эмес, элдин душманы сойку бийлик” деп айткам, - деп түшүндүрдү ал. - Мен социалдык тармактар аркылуу өзүмдүн ой-пикиримди, жарандык көз карашымды дайыма айтып жүрөм. Бирок УКМК кылмыш ишин козгоп, дагы эле чындыкты айткан адамдарды коркутуп-үркүтүп, камап жатат. Атамбаевдин тушунда да мен бийликке катуу сын айтып, УКМКнын чагымы менен эки ай тергөө абагына камалып чыккам. Кийин кайра кечирим сурап чыгарып салышкан.

Мырзаев 17-январда Бишкекте өткөн митингге катышпаганын, аны "Жети дубан, кырк уруу кыргыз ынтымагы" кыймылы уюштурбаганын айтууда.

Буга чейин кыймылдын өкүлү Кадырбек Үсөнбаев ошол митингден кийин алардын сегиз мүчөсү кармалып, айыппул төлөп чыгышканын, андан бери да мүчөлөр улам күч органдарына суракка алынып жатышканын билдирген.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 17-январдагы митингде ташталган чакырыктардын негизинде кылмыш иши козголгонун, анын катышуучулары күбө катары суракка чакырылып жатышканын "Азаттыкка" 15-февралда маалымдаган:

- Кылмыш иши козголгон. "Улут аралык кастыкты козутуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштар менен жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге катталган. Ошол кылмыш ишинин алкагында алар күбө катары суракка чакырылган.

7-январда жана 17-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митинг өткөрүшкөн. Анда жалпысынан 21 адам кармалган, баарына Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 91-беренеси ("Тынчтык чогулуштарын өткөрүүнүн тартибин бузуу") боюнча айып тагылып, үч миң сомдон айыппул салынган. Акциянын катышуучуларынын бири эки айга камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG