Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин “Твиттер” баракчасына “Baring Vostok” инвестициялык корунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвинин камалышы “"экономикалык жүйөдөн улам эч ким кармалбасын" деген президенттин көрсөтмөсүн бузуу болуп саналат" деп жазды. Ал бул жагдайды “экономика үчүн чукул кырдаал” деп мүнөздөдү.
Кудрин азырынча Калвиге кепил болууга милдеттеме ала элек экенин билдирди. Таасирдүү орусиялык ишмерлер америкалык инвесторду колдоп, кепилдик катын беришкен.
15-февралда Москвада "Baring Vostok" инвестициялык корунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле “Восточный” банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар “Восточный” банкынан 2,5 млрд. рубль уурдап чыгып кетүү боюнча шек саналып жатат.
Калви өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке кагууда.
16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.