Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

16 штат Трамптын буйругун жокко чыгартуу үчүн сотко кайрылды


Президент Дональд Трамп өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялады, 15-февраль, 2019-жыл.
Президент Дональд Трамп өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялады, 15-февраль, 2019-жыл.

АКШда Калифорния баштаган 16 штат президент Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялаган буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди. Вашингтон, Чикаго жана башка ондогон шаарларда президент Трамптын Мексика менен чек арага дубал курууга акча алыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялоо боюнча чечимине каршы акциялар өттү. Алар Трамптын буйругун "кызматынан кыянат пайдалануу" жана "бийликти узурпациялоо" катары баалап жатышат.

18-февралда АКШда Президенттин күнү белгиленди. Бирок бул күнү жарандар Трамптын чечимдерине карата пикирлерин айтыш үчүн акцияларды өткөрдү.

Трамп Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан АКШ менен Мексиканын чек арасындагы дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алуу максатында өткөн жумада "өзгөчө абал" режимин жарыялаган.

АКШнын Мексика менен чек арасы 3200 чакырымды түзөт жана анын айрым бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар. Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эскертип, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын белгилеген. Ал баңгизаттын 90% түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

XS
SM
MD
LG