Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоонун жолдору изилденет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр, 2018-жылы 6-августта чыккан "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга ылайык 21 мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген жумушчу топ кылмыштуу кирешелерди адалдоонун жолдорун иликтейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын стат-катчысы Чыңгыз Кененбаев кабарлады:

- Кыргызстанда кандай кылмыштуу схемалар бар? Ошол схемаларды колдонуп кылмыштуу акчаны кантип адалдаса болот деген изилдөө жүргүзөбүз. Аны аныкташ үчүн биз Кыргызстандагы кылмыштуулук боюнча баардык статистиканы чогултабыз. Жумушчу топко 21 мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет. Изилдөөнүн жыйынтыгында биз отчет жазып, Кыргызстанга коркунуч туудурган кандай уюмдар жана схемалар, мыйзамдарда кандай жетишпеген нормалар бар экенин, банк тутумдарын кылмыштуу каражаттарды адалдоодо кантип колдонсо болорун баяндап беребиз.

Чыңгыз Кененбаев изилдөөнүн негизинде улуттук стратегия жазыларын кошумчалап, учурда чет өлкөлөрдөн эксперттер чакырылып жатканын айтты.

Изилдөө жүргүзгөн жумушчу топтун курамына коммерциялык эмес уюмдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да киргизилет. Изилдөөнүн алкагында өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиги да текшерилет.

Кененбаев изилдөөнүн масштабы ири болорун айтып, ал 2019-жылдын май айына чейин бүтөрүн билдирди. (KR)

XS
SM
MD
LG