Бишкекте суу өткөрүүчү жаңы түтүктөрдү орнотуу иши ортолоп калды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, саат 16:00гө карата төрт түтүктүн экөө негизги системага туташтырылып бүттү.
35 жаңы скважинаны пайдаланууга бериш үчүн түтүктөрдү туташтыруу максатында бүгүн, 19-февралда Бишкектин түштүк тарабындагы бир катар аймактарда суу убактылуу бир суткага токтотулду. Буга байланыштуу айрым мектептер, бала бакчалар жана бейтапканалар бүгүн иштеген жок.
Адистер жаңы түтүктөр орнотулса баш калаага таза суу жеткирүү системасы жакшыраак иштей баштай тургандыгын айтып жатышат. (RK)