Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Белгилүү модельер Карл Лагерфелд көз жумду


Карл Лагерфелд Париждеги көргөзмөдө, 8-ноябрь, 2012-жыл.
Карл Лагерфелд Париждеги көргөзмөдө, 8-ноябрь, 2012-жыл.

Шейшембиде белгилүү модельер, Париждеги "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору Карл Лагерфелд 85 жашында көз жумду. Мода дүйнөсүнүн легендасы 1983-жылдан өмүрүнүн аягына чейин атактуу "Шанель" мода үйүнүн дизайнери болгон.

"Мода – замандын духу" деп айткан дизайнер актуалдуулугун жоготуп бараткан "Шанель" брендин заман талабына ылайыкташтырууга жетишкен.

"Шанелге" чейин Лагерфелд италиялык "Fendi" мода үйүнүн көркөм директору, "Chloe" брендинин модельери болгон. Ошол эле учурда өзү түзгөн "Karl" маркасын да жетектечү. Ага карабай, ар бир бренддин өзгөчөлүгүн сактоого жетишкен.

Модельер 1933-жылы Гамбургда ишкер Отто Лагерфелддин үй-бүлөсүндө туулган. Париждеги абройлуу Монтень лицейин аяктап, живопись жана тарых адистигин тандаган.

XS
SM
MD
LG