Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Иран аскерлери кабылган чабуулду Пакистандан көрүп жатат


Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун генералы Мухаммад Пакпур. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун генералы Мухаммад Пакпур. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Жергиликтүү медиа Ирандын жогорку кызматтагы аскер адамынын айтканына таянып, өткөн аптада Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун аскерлерине кол салууну пакистандык киши ишке ашырганын жазды.

“Сепах ньюс” маалымат агенттиги Сакчылар корпусунун генералы Мухаммад Пакпур “жанкечтинин аты-жөнү Хафиз Мухаммад-Али жана ал пакистандык” деп айтканын 19-февралда кабарлады.

Сакчылар корпусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси билдиргендей, 13-февралдагы кандуу кол салууну пландаган согушкерлердин тобунун дагы бир мүчөсү пакистандык болгон.

Генерал Пакпурдун айтымында, Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинцияларында жашаган үч ирандык дагы топтун мүчөсү болгон, алардын экөө камалды.

Сакчылар корпусу бул ишке байланыштуу үч киши кармалганын 18-февралда билдирди

Исламабад Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун 27 мүчөсүнүн өмүрүн алган окуяны айыптап, аны иликтөөдө кызматташууну сунуш кылды.

13-февралда Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын Чахабар шаарындагы аскердик базасында теракт болгон. Кандуу чабуул үчүн жоопкерчиликти «Жаиш аль-Адл» радикалдык тобу алган.

XS
SM
MD
LG