Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кытайга барды

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытай Эл Республикасына расмий иш сапар менен барганын ал жетектеген министрлик кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, чет элдик саясат боюнча мекеменин башчысы Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушат. Мындан тышкары расмий өкүлдөр менен да кездешүү болот.

ТИМ иш сапарынын алкагында кытайлык кыргыздардын бул өлкөдөгү "тарбиялоочу" деп аталган лагерлерде камакка алынганы сөз болор-болбосун тактаган жок.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айларынан баштап чыга баштаган. Казакстандык "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

Буга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер баш калаада атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүшкөн. Бишкекте "Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети" да түзүлгөн эле.

Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтар такталып жатканын кабарлаган. Кийин мекеменин өкүлдөрү Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгени маалым болгон. Бул сапардын жыйынтыктары кенен берилген эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG