Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 00:29

Эл каттоого даярдык "өтө жай" жүрүп жатат деп бааланды


Бишкек.

2020-жылы Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, каттоого даярдык биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн жыйында талкууланды. Анда каттоо пилоттук негизде алгач быйыл 25-марттан 3-апрелге чейин Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында өтөрү маалым болду.

Боронов «2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо - бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлиндеги чоң иш-чара” деп белгиледи.

Бирок каттоого даярдык айрым жерлерде “өтө жай” өтүп жатканы, “жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номер берүү иштери аксап" жатканы айтылды.

Кыргызстандын калкы 6 миллиондон адамдан ашат. Акыркы жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында эл каттоо 2009-жылы өткөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG