Бишкекте көчөлөрдүн дээрлик 12 пайызынын аталышы жок. Бул тууралуу өкмөттө эл каттоого даярдык талкууланган жыйында айтылды.
Жалпысынан республика боюнча көчөлөрдүн 5% аталышы жок. Эң көбү Бишкекте. Ош облусунда – 9, Талас жана Баткен облустарында – 6,7%.
Ал эми аталышы бар, бирок бир да жазуусу жок көчөлөрдүн саны дээрлик 33%.
2020-жылы Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт. Пилоттук негизде каттоо алгач быйыл 25-марттан 3-апрелге чейин Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында өтөрү маалым болду. (RK)