Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

"The Washington Post": Мургабда Кытайдын аскер базасы бар


Тажикстандын Мургаб району.
Тажикстандын Мургаб району.

Америкалык “The Washington Post” басылмасы Тажикстандын аймагында Кытайдын жашыруун чек ара бекети жайгашканын жазып чыкты. Журналисттер расмий Дүйшөмбү менен Бээжинден бул тууралуу так маалымат ала алышкан эмес.

Гезиттин маалыматына караганда, Кытайдын чек ара бекети Мургаб районундагы ооган-тажик чек арасындагы Вахан бекетине чукул жайгашкан. Басылманын журналисти Гарри Ших тажик-ооган чек арасына барганда Кытайдын “чакан аскер базасын” да көрүп келген. Ших Мургабдагы базарда кытайлык аскерлерге кезиккен, алардын бири Ма аттуу жоокер үч-төрт жылдан бери Тажикстандын аймагында жүрүшкөнүн айтып берген. Кытайлык аскерлер Шинжаңдагы аскерлер кийгендей униформачан жүрүшкөн.

Кытайлык чек ара бекетине кире бериште Кытайдын жана Тажикстандын мамлекеттик белгилери илинип турган. Бирок журналист имарат кимге таандык экенин жана аскердик жайды ким каржыларын тактай алган эмес.

“The Washington Post” жандоочтон тартылган сүрөттү да жарыялады, анда чакан жайда казарма жана окуу аянтчасы бар экени көрүнөт.

Мургабдын тургундарынын айтымында, бул жерде ондогон, жүздөгөн кытайлык аскерлер бар. Алар жергиликтүү базардан топоздун этин жана башка азык-түлүк сатып алып турушат.

Азырынча бул маалыматты тажик бийлиги жокко чыгарып же ырастай элек. Коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын башчысы генерал Ражабали Рахмонали “Азаттыктын” тажик кызматына “комментарий берилбейт” деп гана жооп кайтарды.

19-февралда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин атын атабаган өкүлү Мургаб районунун аймагында Кытай менен Тажикстандын биргелешкен чек ара бекети жайгашканын ырастаган. Ал мындан бир нече жыл мурун түзүлгөн. Маалымат булагы кытайлык аскерлер жуманын белгилүү бир күндөрү базанын сыртына чыгууга укугу бар экенин кошумчалады.

Тажикстандын Мургаб районунда жашаган элдин 80% кыргыздар. Бул аймакта 14 миңден ашуун эл жашайт.

XS
SM
MD
LG