Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Скрипалдын энеси аны дайынсыз жоголду деп табууну өтүнүүдө


Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия.
Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия.

Орусиянын Мамлекеттик чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Сергей Скрипалдын энеси былтыр мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландырылган уулу менен небересин дайынсыз жоголгон деп табуу өтүнүчү менен Москва полициясына кайрылды.

Анын Виктория аттуу жээни "Интерфакска" билдиргендей, эгерде Скрипаль менен кызы Юлия дайынсыз жоголду деп табылса, энеси алардын мүлкүнө ээлик кыла алат.

Сергей менен Юлия Скрипаль 2018-жылдын 4-мартында Солсбериде эс-учун жоготкон абалда табылган. Британ бийлиги алар нервди шал кылуучу "Новичок" заты менен ууландырылганын айтып, бул үчүн Орусияны айыптаган.

Узакка созулган дарылануудан кийин Скрипалдардын айыкканы кабарланган. Бирок Сергей Скрипаль коомчулукка чыга элек, кызы Юлия былтыр майда видеокайрылуу жарыялаган.

"The Telegraph" басылмасы алар Британиянын түштүгүндө жашап жатканын кабарлады. Экөө тең дарыгерлердин көзөмөлүндө экени, коопсуздукту атайын кызматтар камсыз кылып жатканы маалымдалды.

Жакында эле "The Sunday Times" басылмасы британ атайын кызматындагы булакка таянуу менен Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлаганын жазып чыкты.

Расмий Лондон Скрипалдарга кол салууну орусиялык агенттер ишке ашырганын билдирсе, Москва бул окуяга Орусия катышканы тууралуу дооматтарды кескин четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG