Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Социологиялык иликтөө кыргыз саясатчыларынын рейтингин аныктады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Эл аралык республикалык институт (IRI - International Republican Institute) жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбековго суралгандардын 27 пайызы ишеним көрсөтөрүн айткан.

Суралгандардын 14 пайызы саясатчы Адахан Мадумаровго ишенет. Өмүрбек Бабанов 13 пайыздык ишенимге жете алса, "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге суралгандардын 9 пайызы ишенерин билдирген. Андан кийинки сапта 8 пайыз менен Камчыбек Ташиев турса, Сапар Исаковго болгон ишеним анын тең жарымын же 4 пайызды түзгөн. Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевге суралгандардын 3 эле пайызы ишенерин билдирген, ал эми өкмөт башчы менен президенттин бир тууганы бир эле пайыз ишенимге жете алган.

Изилдөөгө курагы 18 жаштан ашкан, шайлоого укугу бар 1500 киши камтылган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынын тургундары катышкан. Изилдөө 2018-жылдын 22-ноябрынан 4-декабрына чейин кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" IRI уюмунун өкүлү Тимур Мотегиров кабарлады.

Изилдөөнүн алкагында суралган ар бир киши менен жеке маектер уюштурулган. Уюмдун өкүлү изилдөөнүн расмий жыйынтыгы жакынкы убакта жарыяланарын кошумчалады. (KR)

XS
SM
MD
LG