Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Францияда 20 миңдей киши антисемитизмге каршы акцияга чыкты


Париждеги акция. 19-февраль, 2019-жыл.
Париждеги акция. 19-февраль, 2019-жыл.

Париждин борборуна чогулгандар “Жетишет!” деген ураан чакырып, жөөттөргө каршы кийинки убакта күчөгөн кылмыштарды токтотууга чакырышты.

Ири акцияга республиканын мурдагы эки президенти Франсуа Олланд менен Николя Саркози, оңчулдардын “Улуттук фронт” кыймылынын башчысы Марин Ле Пен жана башка бардык саясий партиялардын башчылары катышты.

- Антисемитизм - бул өлкөгө жасалган кол салуу. Ушул коркунучтун алдында биз өз баалуулуктарыбызды коргоп, бирдиктүү болуу баарынан маанилүү. Биз саясий көз караштарыбызга, артыкчылыктарыбызга жана принциптерибизге карабай антисемитизмдин кайра жанданышы алгылыксыз экенин белгилешибиз керек, - деди Франсуа Олланд.

Францияда жакында эле “сары кемселчендердин” акциясында катышуучулардын бири жөөт улутундагы Алена Финкелкраутка акаарат келтиргенден кийин кармалган. Ал эми митингдин алдында белгисиз бирөөлөр жөөттөрдүн көрүстөнүн талкалап кетишкен.

Францияда жарым миллиондон ашуун жөөт улутундагы жаран бар. 2018-жылы бул мамлекетте жөөттөргө каршы 500дөй кылмыш катталганы айтылат.

XS
SM
MD
LG