Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Путин жылдык кайрылуусунда социалдык маселелерге көп токтолду


Орусиядагы аскердик окуу жайдын кадеттери президент Владимир Путиндин жылдык кайрылуусун карап отурушат. 20-февраль, 2019-жыл.
Орусиядагы аскердик окуу жайдын кадеттери президент Владимир Путиндин жылдык кайрылуусун карап отурушат. 20-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык кеңеште жылдык кайрылуусун жасап жатат. Ал сөзүнүн биринчи саатында жалпысынан өлкөдөгү социалдык маселелерге токтолду. Анын айтымында, орус жарандары үстүбүздөгү жылы “жашоонун жакшы жакка өзгөргөнүн сезет”. Ал үчүн мамлекетте улуттук долбоорлор ишке ашат жана ага бир топ каражат топтолду.

Путин белгилегендей, мамлекеттин башкы милдети - үй-бүлөнү жана төрөттү колдоо. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жаңы жеңилдиктер берилет, анын ичинде мамлекет ипотекалык насыяны кайра төлөөгө көмөктөшөт. Путин жакырчылык менен күрөшүп, билим берүү жана саламаттык сактоону өнүктүрүүгө да убада берди. Тактап айтканда, 2021-жылы эл жашаган аймактарды толук медициналык жардам берүү, мектептерди жогорку ылдамдыктагы Интернетке кошуу жана бардык мектептерди канализация менен камсыз кылуу маселелери белгиленди. Онкологиялык ооруларды дарылоого триллион доллар жумшоого убада кылды.

Путин таштанды реформасына дагы токтолуп, аны көзөмөлдөөнү орусиялык элдик фронтко тапшырды.

Путиндин айтымында, өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу үчүн экономиканы өнүктүрүү керек. Ал үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу зарыл.

2018-жылдын мартында өткөн шайлоодо 66 жаштагы Путин төртүнчү жолу алты жылга президент болуп шайланган. Саясий атаандаштары аны "саясий оппозицияны басып, бийликти монополияга айлантты" деп сындап жүрүшөт.

Владимир Путин Орусияны башкаргандан бери ушуну менен 15-жолу Федералдык Кеңеште кайрылуу жасап жатат. Анын кайрылуусун Орусиянын мамлекеттик каналдары түз алып чагылдырууда.

XS
SM
MD
LG