Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Путин: Орусия АКШ менен тирешкиси келбейт


Орусиялыктар президент Владимир Путиндин жылдык кайрылуусун карап отурушат. 20-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Кеңеште жасаган жылдык кайрылуусунда эл аралык маселелерге да токтолду. Ал "АКШ орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кетсе, Орусия ракеталык системасын кеңейтип, Американы жана анын союздаштарын бутага алышы мүмкүнбү?" деген суроого жооп берди.

“Адегенде АКШ биздин курал системабыздын канча аралыкка учарын жана ылдамдыгын эсептеп чыксын. Анан биздин дарегибизге айтылып жаткан опуза боюнча чечим кабыл алсын”, – деди Путин. Вашингтондун "Орусия келишимдеги милдеттенмелерин бузуп жатат” деген дооматын ал “ойдон чыгарылган” деп баалады.

Путин Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү бул маселеде Вашингтонго “кошомат кылып жатат” деп сындады. Орус лидеринин бул сөзү кол чабуулар менен коштолду.

Орус лидеринин айтымында, Кошмо Штаттар Орусияга каршы саясат жүргүзүп жатат, Москва болсо Вашингтон менен тирешүүгө кызыкчылыгы жок жана дүйнөдө тынчтыкты каалайт.

Орус армиясынын курал-жарак жагындагы дараметине токтолуп, ал жакында континент аралык “Сармат” ракетасы, өтө жогорку ылдамдыктагы “Авангард” комплекси, “Пересвет” лазердик комплекси жана деңиздеги “Посейдон” аттуу комплекс чыгарыларын жарыялады.

Путин былтыркыдан айырмаланып, бул ирет жаңы куралдардын видео анимациясын көрсөткөн жок.

Тышкы саясатка келгенде орус президенти Беларусь, Кытай, Индия, Жапония жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен алакалардын маанисине токтолду. Ошондой эле Евробиримдиктин өлкөлөрү менен "мамилени оңдойбуз" деген ниетин билдирди.

Путин бул жолку кайрылуусунда Украина менен Сирияны атаган жок.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG