Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Ирандын жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилери Али Можтаба менен Женгиз Камил Фыратты кабыл алды.
20-февралдагы жолугушууда Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы долбоорлорду уюштуруу, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, конфессия аралык мамилелерди жакшыртуу, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды чогуу өткөрүү маселелери талкууланды.
Дин комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматташууга эки мамлекеттин элчиликтери кызыкчылыгы бар экенин билдиришкен. Эргешов элчилерди өз-өзүнчө кабыл алды.