Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Бишкекте алтынчы кабаттан секирген кызды милиция куткарып калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген кызды милиция кызматкерлери куткарып калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, 20-февралда күндүз саат 14:00 чамасында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалышып, белгисиз бирөө суицид кылганы жатканын кабарлашкан. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери үйүнүн терезесине чыгып, секирүүгө камынып жаткан кызды көрүшкөн.

Үйдүн эшиги бек болгон, сүйлөшүүдөн жана кыйкырыктан майнап чыккан эмес. Кызматкерлер чукул арада килем таап, үйдүн түбүнө жайып кармап турушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эшикти ачып, кызды токтотууга аракет кылышканына карабай ал секирип кеткен. Бирок тартылып турган килемге түшүп, аман калган.

Учурда анын суицидге барышына эмне себеп болгону такталып жатат. 18 жашка чыга элек кыздын аты-жөнү аныкталды. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG