Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар улак тартышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Аккула" ат майданында көкбөрү оюндары өтөт.

Турнирдин өзгөчөлүгү - ага өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар катышмакчы.

Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө.

Мелдеш өткөрүү боюнча депутат Канатбек Исаев демилге көтөрүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көкбөрү федерациясы уюштурууда.

Оюн 23-февралда саат 10.00дө башталат. (SDz\ErN)

XS
SM
MD
LG