Орусия аннексиялап алган Крымды өзүнүн ракеталары үчүн старттык аянтчага айлантып жатат.
Украинанын президенти Петро Порошенко шаршембиде Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумунда ушундай билдирүү жасады. Порошенко жарым аралда 32,5 миңдей орус аскери жана 50 реактивдүү ракета бар экенин тактады.
Украин президентинин айтымында, Москва Крымда өзөктүк курал үчүн инфраструктура түзүп койду.
Донбасстагы кырдаалга комментарий берип жатып украин президенти аймакта куралданган 35 миң орусиялык жикчил жана эки миңдей орусиялык аскер жүргөнүн кабарлады. «Алардын карамагында 500гө жакын танк, 130 реактивдүү ракета жана 800 артиллериялык система бар», - деди президент.
«Трансатлантикалык эркиндикти жана демократияны коргоодо Украина НАТОнун реалдуу чыгыш флангы болуп калды», - деди Порошенко. Ал ошондой эле Украинага карата агрессиялык саясаты үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын вето коюу укугунан ажыратууну сунуш кылды.
Мунун алдында Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөнүн Европа Биримдиги менен НАТОнун мүчөлүгүнө өтүүгө багыт алганын Баш мыйзамда бекитүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.
20-февраль Украинада Крым аннексиялана баштаган күн катары саналат. Орусия 2014-жылы референдум деп аталган жол менен Украинанын мыйзамдарына каршы Крымды аннексиялап алган. (ErN)