Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети Токтакуновду каралагандарга чара көрүүнү талап кылды


"Адилеттүүлүк үчүн" комитетинин мүчөсү.
"Адилеттүүлүк үчүн" комитетинин мүчөсү.

Жаңы түзүлгөн "Адилеттүүлүк үчүн" аттуу коомдук комитет билдирүү таратып, өлкө жетекчилигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынан адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоону токтотууну жана аны уюштургандарга чара көрүүнү талап кыларын билдирди. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков кабарлады.

Билдирүүдө "акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу, адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады. Биз бул каралоо анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир кыргыз жараны өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта адвокат катары Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу" деп жазылган.

Адвокат Нурбек Токтакунов
Адвокат Нурбек Токтакунов

Анда жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, алардын жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир да бийликке кадыр-барк, стратегиялык ишеним алып келбей турганы да айтылат.

“Фейсбукка” мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланган.

Аталган тасмада “Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени, психикалык жактан жабыркай турганы” айтылган. Адвокат муну УКМК атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом өкүлдөрү "адамдын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат" деп бийликти сындап чыгышты. (KR)

XS
SM
MD
LG