Балдарга китеп окуткан соодагер
Стамбул шаарынын 51 жаштагы тургуну Канбер Бозан чакан азык-түлүк дүкөнүн иштет. Ал акыркы төрт жылдан бери дүкөнүнүн бир бурчуна аңгеме китептерди тизип, окуучуларга акысыз таратып келет. Китептердин арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да чыгармалары бар. Өспүрүмдөр китепти окуп чыгып, дүкөнчү Канбер Бозанга кайталап айтып беришсе, бул үчүн таттуу алышат. Жеке ишкер жеткинчектердин окууга болгон кызыгуусун арттыргысы келет.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады