Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Бишкекте эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүн бирдиктүү саясат жүргүзүүгө чакырышты


Борбор Азиянын картасы.
Борбор Азиянын картасы.

Бишкек шаарында Борбор Азиядагы француз изилдөө институтунун (IFEAC) аянтчасында “Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер: бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана бирдиктүү коопсуздук мейкиндиги” аттуу жыйын өттү. Бул тууралуу аталган институт кабарлады.

Анда аталган эки багыт боюнча Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын кызматташтыгы сөз болду. Эксперттер коңшулаш беш өлкө коопсуздук жана экономика боюнча чогуу саясат жүргүзсө дүйнөлүк саясатта чоң күч болорун белгилешти.

Ишкерлик тармагындагы эксперт Жума Абдуллаев Борбор Азиядагы мамлекеттер энергетикалык жана жер ресурстарына бай экенин, бул багытта чогуу иш жүргүзсө өндүрүм чыгарууда алдыга чыгарын айтты.

Эксперт Нурлан Альниязов болсо Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу Борбор Азияда транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүн билдирди. Ал ЕАЭБ, ТАПИ, Трасека, CASA уюмдарынын алкагында коңшулаш мамлекеттерде экономикалык трансформация бүтүп калганын, эми алар бири-бирине пайда алып келчүдөй кадамдарды жасашы керек экенин айтты.

Жыйынга франциялык, борбор азиялык экономисттер, чыгыш таануучулар, дин таануучулар жана башка багыттагы эксперттер катышты.

1990-жылдары эл аралык саясатта Борбор Азия деген аталыш алган аймакка Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан кирет. Географтар болсо Борбор Азияга Монголияны, Кытайдын батыш тарабын жана түштүк Сибирди да кошуп жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG