Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады


Бишкек шаарынын Ош базары.

2018-жылы Кыргызстанда 403,3 миң тонна малдын жана тооктун эти өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Азыктын бул түрү боюнча эң көп өндүрүш (92 миң тонна) Чүй облусуна туура келет. Андан кийинки орунда Ош облусу (83 миң тонна), Жалал-Абад облусу (83 миң тонна) жана Ысык-Көл, Нарын облустары (53 миң тоннадан) турат. Калган өндүрүш Баткен, Талас облустарына жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет.

2017-жылы өлкөдө 395 миң тонна эт өндүрүлгөн.

Чет жакка жылына эттин өзү канча көлөмдө сатылганы белгисиз. Улуттук статистика комитети эт жана эт азыктарын кошуп санаганда 2017-жылы 1190,5 тонна өндүрүм чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Кыргызстан өндүргөн этти негизинен Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге жана араб мамлекеттерине экспорттору маалым. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG