Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Каталонияда өз алдынчалык үчүн акцияларда ондогон киши жабыркады


Каталониядагы нааразылык акциялары. Барселона. 21-декабрь, 2018-жыл.
Каталониядагы нааразылык акциялары. Барселона. 21-декабрь, 2018-жыл.

Каталонияда нааразылыкка чыккандар менен полициянын 21-февралдагы кагылышуусунан улам 40тай киши жарадар болду, ондон ашык полиция кызматкери жабыр тартты. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги кабарлады.

Нааразылык акциялары былтыр күздө аймакты Испаниядан өз алдынчалыгын жарыялаган каталондук мурдагы лидерлердин Мадридде өтүп жаткан сотуна байланыштуу.

Барселонада бир катар жерлерде адамдар чогулуп, Каталониянын эгемендигин колдогон чакырыктарды таштаганы кабарланууда.

Шаардын борбордук аянттарынын биринде полиция өзүнө карата таш ыргыткан жаштардын тобун союл менен урган. Бир нече киши Барселонанын темир жол бекетинде рельстерге отуруп, поезддердин кыймылына тоскоолдук кылууга аракет жасаган.

Каршылыктардын жаңы толкуну Каталонияда февраль айынын башында башталды.

Мадриддеги сотто 2018-жылдын октябрь айында эгемендик жөнүндө тиешелүү резолюцияны кабыл алып жиберген аймактык парламенттик депутаттарынын жана аткаминерлердин үстүнөн сот жүрүп жатат. Испан прокуратурасы мурдагы жергиликтүү өкмөт мүчөлөрүн кошкондо 12 каталон саясатчысын мамлекеттик чыккынчылыкка жана бюджеттик ысырапчылыкка барган деп айыптады.

Каталониянын мурдагы президенти, 2017-жылдагы референдумдун негизги демилгечиси Карлос Пучдемон сыртынан соттолууда. Ушу тапта жикчилердин лидери Белгияда баш калкалап жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG