Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жалал-Абадда көмүскө иштеген кумарканалар аныкталды


Көмүскөдө иштеген кумаркана.
Көмүскөдө иштеген кумаркана.

Сузак районунун борборунда жана Жалал-Абад шаарында “оюн клубу” деген атты жамынып алып, Интернет аркылуу кумар оюндары ойнотулган жайлар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Ички иштер кызматкерлери кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүп, Сузактан тогуз компьютер, Жалал-Абад шаарынан 11 компьютер далил буюм катары алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен ("Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү") кылмыштын белгилери аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Сузак районундагы кумар ойноочу көмүскө жайды иштетип жаткан 43 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салган мыйзам иштеп жатканына сегиз жылдан ашты. (RsK)

XS
SM
MD
LG